«Бул күлкү келтирген иш». Өмүрбек Текебаев саясатчы Жеңиш Молдокматовдун камалышы боюнча үн катты

Бүгүн, 7-майда саясатчы Өмүрбек Текебаев түз эфирде кечээ кечинде кармалган Жеңиш Молдокматовдун камалышы боюнча үн катты. Анын айтымында, бул саясий куугунтук.

«Жеңиш Молдоматовдун камалышына байланыштуу бир канча ойлорум менен бөлүшөйүн. 2020-жылы 4-октябрда парламенттик шайлоо болду. Жыйынтыгына эл каршы болду. Эмнеге? Себеби биздин Конституцияга ылайык, узурпация бул абдан оор кылмыш. Жээнбековдун бийлиги парламенттик шайлоолордо административдик, финансылык ресурстарды пайдаланып, шайлоочуларга басым көрсөтүп, шайлоого барган 3 партиясы менен чектөөлөрдү аттап өттү. Бийликке ээлик кылганга аракет кылды. Эл буга каршы болду. Көтөрүлдү. 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү бийлик иш жүзүндө жок болду. Президент качып кетти. Өкмөт башчы качып кетти. Парламент житип кетти. ИИМ, УКМКнын жетекчилери качып кетти. Бардык саясий уюмдар, саясатчылар биригип, ынтымакка чакырышты. Ошол күнү борбордук аянтка бир нече топ чогулду. Алардын ар биринин ою, Конституциялык нукка түшүрүү болгон.

Ошентип, 6-октябрдан 15-октябрга чейин Кыргызстанда мыйзамдуу бийлик болгон жок. 14-октябрда тарап кеткен парламент кайра чогулуп, Садыр Жапаровду премьер-министр кылып дайындашты. Ошондон баштап Кыргызстан конституциялык нукка келди. Мына кечээ, 6-октябрдагы окуялар боюнча Молдокматовду кылмыш жообуна тартканы камакка алып отурат. Молдокматов оппозициялык позицияны ээлеп келди. Мен жана айткандай, ага коюлган жүйө эч кимди ынандырбайт. Бул күлкү келтирерлик иш. Бул саясий куугунтуктоо», — деди ал.