Бүгүндөн тартып мамлекеттик мекемелер электрондук документ жүгүртүүгө өтүштү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда ыкчам кеңешме өткөрдү.

Анда Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларына бир катар тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, социалдык жөлөкпулдарды жогорулатуу жана жеке жер тилкелерин трансформациялоо маселелерин иликтөө табышталды.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы электрондук документ жүгүртүүгө өтүү боюнча тапшырманын аткарылышынын жүрүшү менен таанышты. Бүгүн, 11-майдан тартып Министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасы боюнча ведомстволор аралык жана ички кызматтык кат алышуулар электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жүргүзүлүшү керек.