«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын курултайы өттү. Тизмеде кимдер бар?

Бүгүн, 9-октябрда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын кезектеги курултайы болуп өттү.

Иш-чарада алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого аттанган талапкерлердин тизмеси жана партиянын программасы бекитилди. Партия парламенттик шайлоого катышуу үчүн 54 талапкердин тизмесин бекитти. Бир мандаттуу округдардан жалгыз №2 Баткен шайлоо округунан талапкер көргөздү. Ошондой эле өлкөдөгү кырдаал, алдыдагы пландар талкууланып, чечүү жолдорун көрсөткөн максаттар аныкталган.

“Бүтүн Кыргызстанды” шайлоого партия лидери Адахан Мадумаров баштап барат. Партиянын тизмесинде “Кыргызстан коммунисттер” партиясынын лидери Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев, Аккулу Бердиев, Жалал-Абад облусундагы өкмөттүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, активист Орозайым Нарматова бар.