«Чек ара маселесин билбесең, аралашпа». Депутат кесиптештерине Чубак ажынын сөзүн эске салды

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев Жогорку Кеңештин жыйынында чек ара боюна этият мамиле кылууга чакырды.

«Кесиптештер, эсиңерге бир нерсе сала кетейин дегем. Чубак ажы «Чек ара маселесин билбесең, аралашпа» же «берип болсо да, чечкиле» деп айткан. Акаев убагында Үзөңгү-Кууш менен Кытай менен чек араны чечкенбиз. Бүгүн тынчпыз. Бакиев убагында Каркыра, Токмоктогу, Таластагы жерлер менен маселе чечилди. Азыр мамлекет чечип жатат. Элди тынчтыкка чакырбайлыбы», — деди ал.