Чек арадагы чыр: Баткен облусунун ишкерлеринин алган насыясы кечирилди

2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкерлерине бюджеттик кредиттер боюнча карыздары кечирилди.
Президент Садыр Жапаров “2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндө”  мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2023-жылдын 24-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан жана Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 115 “2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык берилген бюджеттик кредиттер боюнча карызды эсептен чыгаруу тартибин жөнгө салат.
Мыйзамда 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттеринин бюджеттик кредиттер боюнча берилген карыздары, анын ичинде бул Мыйзам күчүнө кирген учурга карата болгон карыздын негизги суммасын, пайдалангандыгы үчүн пайыздарды жана финансылык санкцияларды эсептен чыгаруу каралган.