Депутат Коргонбай уулу Жусупбек мамкызматкерлердин эмгек өргүүсүн узартууну сунуштабаганын айтты

Депутат Коргонбай уулу Жусупбек мамлекеттик кызматкерлердин эмгек өргүүсүн узартууну сунуштабаганын айтты. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Мамлекеттик чиновниктердин эмгек өргүүсүнүн убактысын узартуу боюнча сунуш берген эмесмин! Өзүм Санкт-Петербург шаарынан учуп келгениме эки күн эми болду! Жалган маалыматты абайласаңар! Тешип чыкпасын бир жериңерди. Мамлекеттеги чиновниктер тескерисинче кабинеттерине раскладушка коюп алып, жатып иштеш керек. Дем ала турган заман болбой жатат», — деп жазды ал.

Жогорку Кеңештин сайтында 20-майдан тартып “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Демилгечи — Жогорку Кеңештин депутаты Коргонбай уулу Жусупбек экени жазылган

Мыйзам долбоорунда демилгечи саясий жана административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматкерлерге 28 календардык күндөн ашык узартылган негизги өргүү берүүнү сунушталганы жазылган.