«Чиновниктер кабинеттерде отуруп иштешет». Мариповдун ачуусу келди

Мамлекеттик департаменттердин жана жергиликтүү бийликтин башчылары көйгөйлүү маселелерди жеринде иликтеп, алардын чечилишине көмөктөшүш үчүн кеңселеринде отурбашы керек. Мындай пикирди бүгүн, 1-апрелде премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, район башчылары ар бир дыйкан менен тыгыз байланышта болушу керек.

«Бизге зоналаштырууну жана калктын муктаждыгын эске алуу менен, айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоону так талдап, пландаштырган деталдуу план керек. Тиешелүү министрлик дыйкандарга кийин сатууда көйгөй жаралбагыдай болушу үчүн эмне отургузуу керектигин айтышы керек. Республикада айдоо иштерине жарактуу пайдаланылбай жаткан жерлердин саны абдан көп. Эмне үчүн аларды пайдаланбайбыз? Сураныч, көзөмөлгө алгыла», — деди Марипов.