Чүй районунун акими болуп Алмаз Аттокуров дайындалды

Алмаз Аттокуров Чүй районунун акими болуп дайындалды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 70-беренесине ылайык Аттокуров Алмаз Анарбекович Чүй облусунун Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды.

Буга чейин Аттокуров Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болгон.