Чүйдө 15 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн жаран. «Эч нерсе болбойт» деген милицияга чара көрүлөт

Милиция 15 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн жаранга иш козгобой жүргөн. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Петровка айылында бир окуя болуп кетти. Аны билесиздер. 15 жаштагы кызга эркек киши шымын чечип, уят жерин көрсөтүп, милиция ага күлүп, «ай жок, эч нерсе болбойт» деп ишти козгобой жүргөн», — деди эл өкүлү.

ИИМ башчысынын орун басары Эркебек Аширходжаев бул иш боюнча кабары бар экенин, милиция арызды кабыл алып, кылмыш иш козголгонун айтты. «Ал киши камакка алынган. Сотко камакка алуу түрүндөгү токтом менен барган, бирок сот аны үй камагына чыгарып койгон. Ал ишти азыр прокуратура карап жатат»,- деди ал.

«Апасы айтып жатпайбы «милиция күлүп, шылдыңдап, эч нерсе болбойт деп, көрсөтсө болот экен деп», — деди депутат.

«Ал жагы бар. Ал боюнча кызматтык иликтөө жүргүзөбүз. Тийиштүү чара көрөбүз», — деди орун басар.

Буга чейин соцтармактарга 15 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн жарандын видеосу тараган. Ишти прокуратура көзөмөлгө алган.