Депутат Чыңгыз Айдарбеков: «Кемпир-Абад боюнча каршы добуш бердим»

Кечээ, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбооруна макулдук берди.

Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбековдун айтымында, комитет маселе боюнча макулдугун берди. 6 депутат колдосо, 4 депутат каршы добуш беришти. Айдарбеков өзү каршы добуш бергенин айтты. «Мен жыйында өз көз карашымды айттым. Бул долбоор комитетке эртең менен келген. Биз кагаздарды көрө электе кандай баа бере алабыз? Мен документтерди көрмөйүн баа бере албайм. Каршы добуш бердим», — деди ал.