Чыңгыз Кожошев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Чыңгыз Кожошев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясы жазды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Кожошев Чыңгыз Эргешбаевич Министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды.