«Центерра» эл аралык сотко берди. Кыргызстандын өкмөтү утулуп калса, кандай терс таасирлер болушу мүмкүн?

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтөр» боюнча баяндама жасап, Кумтөргө убактылуу тышкы башкарууну киргизүүнү сунуштады. Учурда депутаттардын суроосуна кезек келди.

Депутат Дастан Бекешев «Центерра» Кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко бергенин баса белгилеп, «эгер утулуп калсак, кандай таасирлер болушу мүмкүн, жоопкерчиликти ким алат?» деген суроо узатты.

Суроого Акылбек Жапаров жооп берип, утабыз деп үмүттөнүп жатканын айтты.

«Биз аларга айыпты гана берип жатабыз. Аны кайсы жерде болсок да, далилдейбиз. Юристтер, экологдор менен даярданып жатабыз. 183 миллион куб биздин мөңгүлөрдү талкалаган. Экинчи Нью-Йорктогу арбитраждык сотко даярданып жатабыз. 4 пайыз салыкты төлөш керек. Англис тилинде салык деп турат. Бул боюнча да позиция бекемделип жатат. Бирок утулушубуз дагы мүмкүн. 80 пайыз алтындын кору Кыргыз тарапта болгондон кийин, Центеррада 50+1 гана акция болсо, биз макулбуз. Ал эми Кумтөрдө 80-90 пайызга чейин биздин үлүш болуш керек», — деди ал.