Дагы 3 талапкер парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 23-ноябрдагы жыйында парламенттик шайлоого катышуудан баш тартканын билдирген талапкерлердин кайрылуусун карады.

Шайлоого катышуудан баш тарткан үч талапкер:

Айталиев Таалайбек Дөөлөтказиевич — №21 Талас шайлоо округу;

Маматалиев Нурбакыт Мухтарович — №7 Ош шайлоо округу;

Саяк кызы Элзат — №33 Нарын шайлоо округу.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу округдар боюнча 288 талапкер катышат.