Бүгүн, 16-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата-Журт Кыргызстандан” депутат Чынберди Төлөновду мандатынан ажыратты. Ал буга чейин БШКга арыз жазган.
Чынберди Төлөнов 2023-жылы ноябрь айында диплом маселесинен улам мандатынан ажыраган депутат Фархат Исмаиловдун ордуна келген эле.
Анын мандаты “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде кийинки турган Жайлообай Нышановго берилди.
Буга чейин 7-чакырылышта 21 депутат мандатын тапшырышкан.