Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Акчамат» компаниясы тууралуу маселени көтөрүп чыкты.
Эл өкүлү Улуттук банктын өкүлдөрүнө кайрылып, соода борборлоруна автоматтарды орнотуп коюп, элге өтө чоң пайыз менен насыя берип жаткан компаниянын ишмердүүлүгү эмне себептен токтотулбай жатканына кызыкты.
«Биринчиден, бул компания сүткорлук тууралуу мыйзамдарды бузуу менен иш алып барып жатат. Экинчиден, алар насыя алган жарандардын жеке маалыматтарын алат. Бул — чет элден келген компания. Ошондо жарандардын жеке маалыматтары кайда кетип жатканы түшүнүксүз. Кыргызстандан чыгып кеткен жокпу, биз аны билбейбиз. Үчүнчүдөн, алар өтө чоң пайыз менен насыя берип жатышат, андыктан ар бир пайызы үчүн мамлекетке салык төлөшү керек. Эмнеге башка банктар, микрокредиттик компаниялар салык төлөйт да, алар төлөбөшү керек? Буга чейин Улуттук банк аларга эскертүү берип, соода борборлоруна компаниянын автоматтарын орнотууга тыюу салган. Бирок алар дагы деле иштеп атат. Элдер жакырчылыктын айынан күнүнө 2-3% үстөк менен насыя алып жатышат. Улуттук банк менен өкмөт каякты карап атат? Улуттук банктын эскертүүсүнөн кийин эмне болду?«-деди Бекешев.
Улуттук банктын жыйынга катышып жаткан өкүлү бул маселе боюнча мурун Финполго кайрылышканын билдирди.
«Акчамат» компаниясына эскертүү берүүдөн сырткары лицензиясы жок экенин айтып, Финполго дагы кайрылганбыз. Алар бир нече эскертүү берген. Бүгүнкү күндө бул компания акча берүүнү токтоткон. Учурда мурда берилген насыяны кайтаруу үстүндө иштеп жатышат. Жана азыр лицензия алуу үчүн Улуттук банкка кайрылышты»-деди Улуттук банк өкүлү.
Бирок Дастан Бекешев алар азыр дагы ишмердүүлүгүн улантып жатканын билдирди.
«Сиз алардын мурда берген акчасын кайтаруунун гана үстүндө иштеп жатканына ишенесизби? Элдер азыр да насыя алып жатышат. Жүрүңүз, чогуу барып келели. Элдер кезекте турат»,- деди Бекешев.
Улуттук банк өкүлү Финпол жоюлуп кеткендиктен, Улуттук банкта бул ишти көзөмөлдөө рычагы жок экенин белгиледи.
«Улуттук банк эч чара көрө албаса, Финполду тоотпосо, бул компанияны калкалаган бирөө бар анда. Анда өкмөт бул ишти УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына тапшырсын»,-деди депутат.