«Даярдыгын текшерип койсоңуз». Нурланбек Шакиев Акылбек Жапаровду эмнеге урушту?

«Акылбек Жапаров, сиз маанилүү маселе менен келип жатканда, Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн текшерүүдөн өткөрүп, даярдыгын сурап койсоңуз. Бул жерге келип алып, убакытты алып, кагаз издеп, суроого жооп бере албай жатышат», — деди жыйында Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев. 

«Азыр санариптин заманы, планшет, ноутбук көтөрүп келсе, керектүү маалыматты гак табат. Ушуну эске алыңыздар», — деди ал.