Депутат: «8 айда телефондук алдамчылык боюнча 705 учур катталды»

Жогорку Кеңештин депутаттары онлайн насыя берүүнү татаалдатуу жана чектөө маселесин көтөрүштү.
Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков өлкөдө онлайн-насыялардын пайда болушу менен телефон шылуундары көбөйгөнүн билдирди. Ал коммерциялык банктардын жана Улуттук банктын бул багыттагы иши жетишсиз экенин кошумчалады. Анын айтымында, 2024-жылдын 8 айында телефондук алдамчылык боюнча 705 учур катталган. Ал Финансы министрлиги менен Улуттук банкка онлайн насыяларды коопсуз берүү маселесин иштеп чыгууну сунуштады. Ушул эле маселеге көңүл бурган депутат Эмил Токтошев тез арада онлайн насыя берүү процессин токтотууга чакырды.