Депутат Айдарбеков Орусиядан Кыргыз жарандары үчүн «миграциялык мунапысты» өткөрүүнү өтүндү

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту.

Комитет төрагасы Кыргызстан Орусия тараптын үзгүлтүксүз аба каттамдарына коюлган чектөөлөрдү алып салуу чечимин кубаттай турганын баса белгилеп, Кыргыз жарандарынын Орусияга унаа жана темир жолдор аркылуу кирүүсүнө чектөөлөрдү алып салуу маселесин кароону сунуштады. Мындан тышкары, депутат кыргызстандыктар үчүн миграциялык талаптарды жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүп, ошондой эле 2022-жылы Кыргыз жарандары үчүн Орусияда кезектеги “миграциялык мунапысты” өткөрүү жана Кыргызстанда миграциялык борбор ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.