Депутат айыл чарба министрине өз каалоосу менен кызматтан кетүүнү сунуштады

«Айыл чарба министринин кызмат ордуна ылайык келиши тууралуу маселе бышып жетилди», — деди депутат Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында. Анын айтымында, башкармалыктын жетекчилиги башкаруу менен эмес, бизнес менен алектенип жатат. 

«Айыл чарба министрлиги агрардык саясат менен алектенип, тармакты өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүп бериши керек. Сиз бизнеске кийлигишүү менен экономиканы башкаруунун айырмасын билбейсиз. Быйыл дыйкандардын чыгымын ким төлөйт? Мөөнөтү өтүп кеткен минералдык жер семирткичтерден бюджеттин чыгашасы үчүн жоопкерчиликти ким тартат?” — деди депутат. 

Депутат Балбак Түлөбаев Айыл чарба министрлигинин башчысына кызматты өз ыктыяры менен бошотууну сунуштады.