Депутат Акаев: “Өспүрүмдү зордуктап камалган эркек кайра чыгып, ошол эле кызды дагы зордуктап, кайра боюнда кылган”

“Өспүрүмдү зордуктап камалган эркек кайра чыгып, ошол эле кызды дагы зордуктап, кайра боюнда кылган”. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Кулак-мурду кесилген келиндин окуясы бүт коомчулуктун үрөйүн учурган иш болду. Расмий маалыматты айтсам, таң каласыңар. Жогорку Сот менен пробация департаментинин маалыматына караганда, 2022-жылдын башынан бери эле 16 жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер, жашы жети элек өспүрүмдөрдү зордуктаган 88 адам пробация менен абактан бошоп кетиптир. Эки жылга убакыттын ичинде 88 адам! Алар өспүрүмдөрдү зордуктап, тез арада эле абактан чыгып кетет экен. Бир фактыны айтсам, үрөйүңөр учат. Бирөө пробация менен абактан бошоп чыгып, зордуктаган кызды кайра зордуктап, ал кайра боюнда болуптур», — деди ал.

Депутаттын айтымында, мындай зөөкүрлөр пробация менен бошотулбашы керек.