Депутат: «Акылбек Жапаров төрөлгөндө еврейлер ыйлаптыр дейт»

«Бийлик башына Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев келип, «Кумтөр» элге, мамлекетке өттү. «Кумтөр» боюнча бир нече жолу акылдуу Акылбек Жапаровго кайрылдым». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңиш Токторбаев билдирди.

«Телефон чалдым, смс жаздым, бирок жооп болгон жок. «Кумтөр» боюнча маалымат алып, элге билдирейин дегем. Менде шектенүү пайда болду. Ал кишиден коркуп калдым. Демек, бир маселе бар деп ойлодум. Жашыруун малымат бар экен деп ойлодум. Күмөн пайда болду. Мен Кыргыздын алтынын бөлтүрүк менен карышкырга кайтартып жатыптырбыз деп ойлодум. Акылбек Жапаров жөнүндө абдан көп сөз айтылып жатат. Акылбек Жапаровду иштетчү болсоңор, чөнтөгүн тигип иштеткиле дейт. Акылбек Жапаров төрөлгөндө еврейлер ыйлаптыр дейт», — деди ал.