Депутат Медербек Алиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин курамына кирди.
Ал ноябрь айында Конституциялык мыйзамдар боюнча парламенттик комитеттин төрагалыгынан кеткен болчу. Мындай чечимге Кемпир-Абад маселеси себеп болгонун айткан. Бирок аталган комитеттин курамында иш алып баруусун уланта турганын билдирген болчу.