Депутат Алимжанова: «Эшикти ачып киришсе, депутат жок экен, бирок айнек ачык экен»

«Эшикти ачып киришсе, депутат жок экен, бирок айнек ачык экен». Бул тууралуу депутат Нилуфар Алимжанова фракциялашы Эмил Жамгырчиевдин анын кабинетинин терезеси аркылуу качып кеткени боюнча журналисттерге комментарий берип жатып билдирди.

«Жардамчыларым Жамгырчиевди кабинетке кирди деп айтышкан. Сүйлөшүп алайын деген экен. Мен ал маалда бир канча депутаттар менен пресс-борбордун жанында болчубуз. Жардамчыларым анын секирип кеткенин билген эмес. Комендант келип, 2-кабаттан бирөө-жарым секиргенин айткан. Эшикти ачып киришсе, депутат жок экен, бирок айнек ачык экен», — деди депутат Алимжанова.

Кечээ, 9-январда депутаттык комиссия Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Бул маалыматты уккандан кийин депутат тергөөчүлөрдөн качып Жогорку Кеңештин 2-кабаттагы кабинеттеринин бирине кирип, кийин ал жактан секирип сыртка чыгып кеткени айтылган.