Депутат: «Алмазбек Атамбаевди көздөй ок чыгарган адам дале табыла элек»

9-октябрда аянтта болгон башаламандыкта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин унаасын көздөй ок чыгарган адам табылган жок. Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул адамды табуу өтүнүчү менен укук коргоо органдарына бир нече өтүнүч жөнөтүлгөн. «Тергөө бул кишини таба албай жатат, бирок ал видеого тартылып калган. Эмне үчүн ал ок атуучу курал менен аянтка барган?” — дейт Ирина Карамушкина.

Өткөн жылдын 9-октябрында Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында митинг учурунда белгисиз адам Алмазбек Атамбаев отурган унаага ок аткан. Окуя видеого тартылып алынган. Сотко чейинки өндүрүш Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси «Массалык башаламандыктар» боюнча башталган, бирок азырынча эч ким кармала элек.