Айыл өкмөттөргө ыйгарым укуктарды берүү керек. Ал эми өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн жоюп салыш керек. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык комитетинин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов билдирди.
Анын айтымында, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кереги жок. Келечекте акимдерди да жоюш керек.
“453 айыл өкмөттү кыскартып, 200дүн тегерегинде эле алып калып, премьер-министр алар менен түз иштеши керек. Сизге ортомчулардын эмне кереги бар? Алар чоңдордү тоскондон башка эмне иш кылат? Эгер айыл өкмөткө укуктар берилсе, ошолор эле аймакты өнүктүрүүгө салым кошушмак”,— деди Сулайманов.