Депутат Алымкадыр Бейшеналиевдин мурункудай духун көрбөй жатканын айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы духун көрбөй жатканын айтып, депутаттардан жардам керекпи же жоктугун сурады.

«Биринчи жолу келгенде башкача министр болчусуз. Ушунчалык чечкиндүү, дух менен келгенсиз. Акыркы кезде ал нерсе көрүнбөй жатат. Сизге бир нерсе тоскоолдук болуп жатабы? Сиз баштаган реформа аягына чыгыш керек», — деди ал.