Депутат Ашимова: «Кыргыздардын асабасы көк болгон»

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев туунун авторлору менен жолугушуп, алар тууну өзгөртүүгө каршы эместигин билдиришти. Алар 10 күн ичинде туунун так вариантын алып келишет. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышында тууну өзгөртүү боюнча депутаттардын оюн угуп көрдүк.

«Мен мыйзам долбоорун окуй элекмин. Эгер мыйзам чыгара турган болсо, менин сунуштарым бар. Негизи кыргыздардын асабасы көк болгон. Мен балким ошондой сунуш бермекмин. Өзгөрткөнгө жараша баарын карап чыгышыбыз керек», — деди депутат Динара Ашимова.