Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун дарегине айтылган сын боюнча кесиптештерин колдоду.
«Мен да кесиптештериме кошулуп кетет элем. Бизде сын-пикир айткан, жалган жалаа жапкан, негатив жазган, ошол эле учурда Эдил Байсаловго окшоп мамлекеттик кызматта иштегендер негатив айтып, салтка айланууда. Катуу чара көрүлсүн, мүмкүн болсо, кызматынан кетип, калгандарга сабак болсун», — деди ал.
Буга чейин да бир нече депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын парламентке обу жок сөздөрдү айтканга укугу жок экенин айтып чыгышкан.