Депутат Атамбаев: «Алмазбек Шаршеновичти үй камагына чыгарышпаганы өкүнүчтүү»

«Алмазбек Шаршеновичти үй камагына чыгарышпаганы өкүнүчтүү». Бул тууралуу мурдагы президенттин уулу, депутат Сеид Атамбаев соцтармактагы баракчасына жазды.

Ал жактоочуларга, тарапташтарына, колдогондорго жана журналисттерге ыраазычылыгын билдирген.

Бүгүн, 28-июнда Биринчи Май райондук сотунда Октярь окуясы боюнча өкүм чыгып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев акталды.