Депутат: «Атамбаев өлкөгө таза шайлоону киргизип кетти»

«Акаев менен Бакиевдин кезинде шайлоо бюллетендерди пачкалап салып, белги коюп, урналарга тыгып жүргөн учурлар болгон. Аны баары жакшы билет» деди Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу. 

«Атамбаевдин бир жетишкендиги, таза шайлоону киргизип кетти. Башка жумуштарын айта албайм. Таза шайлоону киргизгени бул факты. Болгонун айтыш керек», — деди ал.