Депутат Атазов: «Ал ким өзү? Бизди Байсалов мазактасын деп эл шайладыбы?»

«Ал ким өзү? Бизди Байсалов мазактасын деп эл шайладыбы?». Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.

«Биз бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун ишин карашыбыз керек. Урматтуу төрага, анын сүйлөгөн сөздөрү боюнча президентке кайрылып, парламенттин аброюна шек келтиргени боюнча чара көрбөйсүзбү? Эдил Байсаловду мамлекетке чыккынчылык кылгандай карасак болот. Эл бизди шайлап жатканда «силерди Байсалов келип мазактап кетсин» деп шайладыбы? Ал ким өзү? Эмне деген кадр?» — деди депутат.