«Депутаттын кеңсесинде конокто» рубрикабыздын кезектеги каарманы Бактыбек Сыдыков жана анын кабинети болду. «Ал — Ак Үйдө эң кооз жасалгаланган кеңсе» деп узун сөз болуп келет. «Дизайндын идеясына өзүм автормун. Эски кабинеттен эмне калганын издеп көрүш керек экен» деген эл өкүлү иш бөлмөсүн көрсөтүп, үй-бүлөсү тууралуу да суроолорго жооп берди.
«Менин төрт уулум бар. Жубайым экөөбүздүн турмуш курганыбызга 31 жыл болду. 2 уулум үйлөнүп, неберелүү кылышты. Кызым жок, бирок төрт уулдуумун. Келиндеримди өз кызымдай көрөм. Балдарымдан да жакшы көрөм», — дейт ал.
Ал жеке ишкерлик менен алектенип жүрүп, уулдарына көп мамлекеттерди көрсөткөнүн айтат. «Акыркы жылдары Кыргызстанды көрсөткөнгө аракет кылып жатам. Өзүм Ат-Башы, Ак-Талааны көрө элек элем. Көрүп келдим. Мен көрбөгөн Кыргызстандын булуң-бурчу калган жок», — дейт ал.