Депутат Бакытбек Марипов: «Президенттин саясатын колдойбуз»

Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңеш өз ишин баштады. Жыйындын жүрүшүндө депутаттардын катарын 6 депутат толуктаганы айтылды. Алар ант беришти. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев №29 Свердлов шайлоо округу боюнча жаңы депутат Жумабек Салымбековдун ден соолугуна байланыштуу келбегенин билдирди.

Депутаттык ишке киришкен Бакытбек Марипов буга чейинки тажрыйбасын колдонуп, элге иштей турган мыйзам жазарын айтты. «Президенттин саясатын колдоп, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуп, башка өлкөлөрдөн инвестицияларды тартканга, заманбап бала бакчаларды, мектептерди, спорт аянчаларды курганга, жаштарды колдогонго шарт түзүүгө багытталган мыйзамдарды жазабыз деген ишеничтебиз», — деди ал.