«Эмнеге элдин канын ичет?». Депутат банктар тоноп жатканын айтты

Бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков калкка доллар менен берилген насыяларды кароону суранды.

Ал насыя алгандар насыяны төлөөдө кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтты. «Жарандар доллар менен насыя алып, пандемия учурунда кыйынчылыктарга туш болушту. Пандемияга чейин 1 долларды 60 сом менен алгандар азыр 100 сомго жакын курс менен төлөөгө аргасыз болууда», — деди ал.

Ал элге насыя алуу мөөнөтүн жылдырбай, банкта күрөөгө койгон үйлөрүн алып кете баштаганын, бул маселе боюнча көп кайрылуулар түшүп жатканын айтты.

«Банктардын жоопкерчилигин карашыбыз керек, эмне үчүн алар элди тоноп, канын ичет? Мисалы, бир адам 30 миң доллар насыя алып, ал боюнча милдеттенмелерди төлөп, 22 миң доллары калган. Ошол учурда пандемиялык мезгил башталып, кыйынчылыктар жаралган. Бул аралыкта банктар убакыт бербей, үйүн тартып алышкан. Төлөгөн акчасын да берген эмес. Бул уурулук», — деди ал.