Депутат Бекешев: «Мугалимдер менен дарыгерлердин орточо айлыгы 15-20 миң сомдон ашпайт»

Социалдык саясат боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун барсары Адылбек Касымалиев баштаган министрлер катышты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты каржы министринин орун басары Руслан Сүйналиев берди. 2024-жылга мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 378 437,9 миллион сом суммасында каралган. 2024-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы суммасы финансылык активдерди эсепке албаганда 358 794,4 миллион сом өлчөмүндө белгиленет. 2024-жылга республикалык бюджеттин профицити 19 643,5 миллион сомду же ИДПга карата 1,6 пайызды түзөт.

Депутат Дастан Бекешев мугалимдер менен дарыгерлердин орточо айлык маянасы боюнча суроо салып, алардын эмгек акысы 15-20 миң сомдон ашпай турганын белгиледи. «Мындай маяна менен биз билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында сапаттуу кызмат көрсөтө албайбыз», — деди ал.

Комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева социалдык блокту каржылоо жаатындагы маселелерди көтөрүп, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына кошумча 1 миллиард сом бөлүнүшү керектигин белгиледи.