Бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Жыйындын жүрүшүндө депутат Аманкул Токтомамбетов Бишкектеги түтүнгө токтолду.
«Бишкекте сапатсыз көмүрдү жагып жатышат. Байкасаңыздар, жылытуу мезгили баштала электе эле түтүнгө толуп калды. Бир айдан кийин эмне болот? Сөзсүз жылдагыдай дем ала албай калышыбыз керекпи? Ошондуктан эмитеден чара көрөлү», — деди ал.