Депутат Динара Ашимова: «Чыңгыз Айдарбековдун ордунда болсом, жыйын өткөрмөк эмесмин»

10 күн мурда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Кемпир-Абад Өзбекстанга өтө турган макулдашуунун долбоорун карап, добуш беришкен. Бирок бул чечимге ошондон бери комитеттин төрагасы болгон Чыңгыз Айдарбековдун кол койбой жатканы талкуу болуп жатат. Бүгүн ал комитет төрагалыгынан алынды. Мындан улам, бул тартыш маселенин тегерегинде депутаттарга суроо бердик.

Депутат Динара Ашимова өзү да бир убакта комитет төрайымы болгонун айтып, оңой эместигин айтты. «Мен кагаздарды көрмөйүнчө комитетке койбойт элем. Жыйналыш өткөрбөй коймокмун»,- деди ал.