Депутат: «Динозавр тиштегенин алып кетсе, депутаттардын кайсы аброю калат?»

Башкы прокурор Жогорку Кеңештен депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү суранды. Бул тууралуу спикер Нурланбек Шакиев 27-декабрда парламенттин жыйынында билдирди.

«Ыйман нуру» фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков депутаттарга кайрылды. «Өзүбүздүн абийирди өзүбүз төкпөйлү. Бирден-бирден келип, динозавр тиштегенин алып кете берсе, депутаттардын кайсы аброю калат? Азыр фракциядан киши беребиз, бирок колдобогудай чечим чыгарып бергиле. Карагылачы, бир вице-премьер канча жолу бетибизге түкүрдү. Өзүңүз үч жолу кайрылдыңыз, бирок өкмөт сизди жоопсуз калтырды. Андыктан өзүбүздү өзүбүз сыйлайлы. Кийинки кезек сага келет», — деди ал.

Нурланбек Шакиев аны азыр талкуулоонун кереги жок экенин айтты. «Бул маселе талкууланганда өз оюңузду билдирсеңиз болот» деп жооп берди ал.