Улуттук банктын негизги максаты акча-кредит саясаты аркылуу баалардын туруктуулугун сактоо болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Улуттук банктын жетекчиси Кубанычбек Бөкөнтаев билдирди.
Анын айтымында, мындай максат башынан эле коюлган, анткени баанын туруктуулугу жалпы калктын жашоосуна таасирин тийгизет. Депутат Жаныбек Абиров доллардын акыркы секирүүсүнөн кийин курс 20 сомго кескин төмөндөгөнүн, бирок баалар мурдагы калыбына келбегенин эске салды.
«Улуттук банктын бул жаатта кандай максаты бар? Туруктуулук жок, валюта рыногунда өзгөрүүлөр болгону менен баалар өзгөрүүсүз калууда», — деди ал. Улуттук банктын башчысы, тилекке каршы, экономикада мындай мыйзам ченемдүүлүк бар, секириктен кийин тескери бааны дароо кайтаруу кыйын экенин айтты.