Депутат Эдил Байсаловго нааразы болуп, чара көрүүнү суранды. Төрага чечим кабыл алынарын айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго нааразы болуп, ага чара көрүлүшү керектигин айтты.

Анын айтымында, социалдык саясат комитетинде жөлөк пулдар боюнча маселе каралып жатканда өкмөт башчынын орун басары “менин буга тиешем жок” деп залдан чыгып кеткен. Исатбек кызы ал парламентти сыйлабай, аброюна шек келтирди деп эсептейт.

Депутат Марлен Маматалиев өзү менен сүйлөшкөнүн айтып, бирок төрага катары Нурланбек Шакиев жыйын өткөрүп Байсалов менен сүйлөшүп коюшу керектигин билдирди.

«Бул көрүнүш боюнча баарыбыздын маалыматыбыз бар. Орун басардын мындай жүрүм-туруму өтө өкүнүчтүү. Бул боюнча чара көрүлөт. Сүйлөшөбүз. Мурункуда акыркы жолу кечирим сураган. Эми ар бири өз мүнөзүнө жараша жоопкер болот. Бул маселе териштирилип, чечим кабыл алынат», — деди төрага.