Депутат: «Элге желектин алмаштырылышы жаккан жок, себебин да билбей жатышат»

«Элге желектин алмаштырылышы жаккан жок, себебин да билбей жатышат». Бул тууралуу депутат Эрулан Кокулов билдирди.

«Себеби эмне экенин түшүнбөй жатышат. Экинчи суроо, белгисиз спонсорлордо болууда. Эмнеге тууну алмаштырганга белгисиз демөөрчүлөр бар? Эл менен сүйлөшүп, түшүндүрүүгө убакыт келди окшойт. Бизге түшүндүрүү иштери жетишпейт», — деди депутат.