Бүгүн, 11-январда депутат Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңештин жыйынына келди.
Өткөн жылдын ноябрь айында кыргыз-казак чек арасынан аны өткөрбөй коюшкандыгы маалымдалып, кийин атасынын оорусуна байланыштуу депутат эмгек өргүүсүнө чыкканы айтылган. 26-декабрда УКМКдан депутаттын өлкөнүн аймагында эместигин жана анын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар адамдарга атайын кызматка билдирип коюуну өтүнүшкөн.