Депутат: «Губернатор статусун жоюш керек»

«Облустук администрацияларды, губернатор статусун жоюш керек». Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу билдирди.

«Жылына бюджеттен миллиардаган каражаттар бөлүнгөнү менен көзгө басар жумушу жок. Административдик-аймактык реформанын алкагында жумушчу топ ушул маселеге көңүл бурушу зарыл», — деди ал.