Депутат Икрам Илмиянов боюнча: «Өмүрүндө 1 китеп окубаган адам «депутаттыкка бул өтөт, бул өтпөйт» деп отурган»

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду «экс-президент» макамынан ажыратууну сунуштаган соң, депутат Медер Алиев сөз сүйлөдү.

«2020-жылдагы революция парламенттик шайлоо ыплас өткөндүгүнүн негизинде болгон. Үч саясий партия – “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан”, “Биримдик” алгачкы катализатор болгон. Алардын көбү азыр бийликти курчап алып, жоон топ болуп жүрөт. Икрам Илмияновдун аты аталды. Андан кийинкилер кылмыш кылбашы үчүн «Должен быть принцип уголовного судопроизводства — неотвратимость наказания» деген болушу керек. Өмүр бою бир китеп окубаган адам ушул саясий элитаны түптөгөн. Депутаттыкка койгон адамды бул өтөт, бул өтпөйт деген. Эмнеге ал азыр байлык топтоп, жыргап-куунап жашашы керек? Башка тоок уурдагандар соттолушу керек? Саясий баа берилиши зарыл», — деди ал.