Депутат Икрамов: «Жол ушунча начар, танк эле жүрө алат»

Депутат Тазабек Икрамов бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бюджет жөнүндө мыйзам долбоору каралып жаткан учурда Көк-Арттагы көпүрө жол маселесин көтөрдү.

Эл өкүлү Кара-Дарыя айыл аймагындагы дамбанын курулушу токтоп калганын, ал элдин, айылдын коопсуздугу экенин белгилеп, кийинки жылы курулушту улантууга каражат каралганын тактады. Ошондой эле ал, аталган айылга жаңы оорукана куруу зарылдыгын баса белгиледи.