Депутат Икрамов: «Позициям айрымдардын уйкусун бузуп жатат»

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов социалдык тармактагы баракчасына ага карата кара пиар күчөп жатканын билдирди.

«Тилекке каршы, акыркы учурда мага болгон кара пиар күчөп, менин атыман ар кандай аккаунттарды ачып, түрдүү каралоолор жүрүп жатат. Менин карманган позициям, көз карашым айрым адамдардын уйксун бузуп жатканы жашыруун эмес. Позицияга эмес, фейк маалыматтарга ишенген айрым адамдар каралоо маалыматтарды тынымсыз бөлүшүп жатканына караганда, бул атайын пландалган иш аракеттер. Кудай курулай жалаадан, ушактан сактасын», — деп жазды ал.