Депутат Исхак Масалиев депутаттыкка талапкерлигин дагы койду

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган Исхак Масалиевден Биринчи Май шайлоо округу боюнча кайра шайлоого катышуу жөнүндө билдирме түштү.

БШКдан билдиришкендей, учурдагы депутаттын кайра шайлоого катышуусуна мыйзам жол берет жана мыйзамда эч кандай чектөө жок. Бирок бир мандаттуу округдар боюнча шайлоого партиялык тизме менен депутат болгондор гана аттана алат.

Исхак Масалиевдин журналисттерге билдиргенине караганда, эгерде ал шайлоодон жеңип чыкса, анда «Бүтүн Кыргызстандын» тизмесинен чыгат. Анын ордун тизмедеги кийинки талапкер алат. Эгерде шайлоодон утулуп калса, анда ал фракцияда кала берет. Депутат кайра шайлоого катышуу кадамы менен парламентте оппозициячыл эл өкүлдөрүнүн санын көбөйткүсү келет. Ошондой эле, ал БШКдан эскертүү алганын да билдирди. Билдирме кабыл алынганы менен Исхак Масалиев азырынча талапкер катары каттала элек.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү бүгүн, 27-январда саат 18:00дө аяктайт. Талапкерди каттоо үчүн документтер БШКга 30-январь саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.