Депутат Исхак Масалиев президент кызматын жоюп салууну сунуштоодо

Депутат Исхак Масалиев президент кызматын жоюп салууну сунуштоодо. Бул сунушун эл өкүлү соцтармактагы баракчасына жазды.

«Урматтуу достор жана анча эмес достор. Бир ой жүгүртөйүн. Талкууга чакырам. Жеке кишиге тиешеси жок. Өлкөдө беш президент болду — илимдуу академик, мыкты ишкер, чыгармачыл адам жана ийгиликтүү ишкер, айыл чарба адис, спортчу. Эмнегедир бирөөсү да элге жагымдуу боло албады. Бийликке келсе эле, эч кимди укпайт, өтө билимдүү боло калат. Башкарууга тууган-уруктары аралашып кетишет. Балким президент деген кызматты такыр эле жоюп таштасак кандай? Күчтүү парламент, күчтүү өкмөт. Бир да жетекчини коргобой эле койсок. Кызматынан кеткенден кийин орточо айлык калтырсак кандай? Пикир алмашалы, күзгө чейин убакыт бар. Балким жыйынтыгында бир мыйзам долбоору бышып калар», — деп жазды ал.