«Бишкектин мэри 3 айда жол тыгынын чечпесе, кызматтан кетет дегенсиздер». Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Русланбек Жакышов билдирди.
«Бишкекте акыркы убакта жылыш жок, уктап калгандай… Сиз буга чейин Бишкек шаарынын мэрин 3 айлык мөөнөт менен алып келдик, жол тыгынын чечпесе, анда кызматтан кетет дедиңиз эле. 3 ай эмес, 6 ай болуп калды. Мурда «час пик» учурунда гана жол тыгын болсо, азыр эртеден кеч жол тыгын болуп жатат. Жол тыгынын чечмек турсун, бул мэр аны күчөтүп салды. Буга кандай чара колдонсо болот?» — деп суроо салды депутат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев сунуштарын бергенин жана аны жактырганын билдирди. Анын айтымында, Бишкектеги жол тыгыны жакынкы 3 жыл ичинде чечилет.