Депутат Жогорку Кеңешти жаман көргөн 2 министрди атады

«Юстиция министри иштейби?» деп суроо салды депутат Улугбек Ормонов Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында.

«Мен комитет жыйынында бир да жолу мыйзамдар менен келгенин көрө элекмин. Бизде ушундай бир-эки министр бар да. Маданият министри менен юстиция министри. Экөө тең Жогорку Кеңешке келгенди жаман көрүшөт. Эмнеге түшүнбөйм. Мыйзамдарын өзүлөрү келип, жактап кетсе болмок», — деди ал.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлчүлүгү боюнча эксперт бул министрлер Жогорку Кеңешке мурда келгенин, юстиция министри Аяз Баетов жыйында экенин, маданият министри Алтынбек Максүтов өлкөдө эмес экенин айтты.